• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19 менен ооруган жаранга 6 айга чейин эмдөө жүргүзүлбөйт

COVID - 19 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. COVID-19 менен ооруп, толук айыккан жарандар карантин аяктагандан кийин 6 ай бою эмдөөдөн өтө алышпайт. Бул тууралуу брифингде Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында, жарандар COVID-19 аныкталган же ооруга шектелген бейтаптарды эмдөө боюнча суроолорду көп беришет.

“Азыркы учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан илдет менен ооругандарды толук айыккандан кийин жана карантин мөөнөтү бүткөндөн 6 айдан соң эмдөө сунушталган”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал эгерде каалоо күч болсо COVID-19 илдетине чалдыккан же ооруга шектелген бейтаптарга эмдөө толугу менен айыгып, карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин эмделе алаарын белгиледи.

“Бирок вакцинаны артыкчылыктуу колдонуу үчүн ооруп айыккандар күтө туруусу жана убакыт өткөндөн кийин эмдөөдөн өткөнү оң”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий