• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Мэрия дарыгерлерди жана медайымдарды жардамга чакырат

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы дарыгерлерди жана медайымдарды жардамга чакырат. Маалыматка ылайык, коронавирус жана пневмония менен ооруган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу медкызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда.

“Жашаган жер, тамака-аш менен камсыздалат. Айлык Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык төлөнөт. Медкызматкерлер карантиндик-казарма режиминде иштейт. Дарыгерлер күнүнө 2 миң 300 сом, орто медперсоналдар 2 миң сом, кенже медперсоналдар 1 миң 800 сом алышат. Жумуш саат 08:00дөн 20:00гө чейин”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясынан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарга кайрылган жарандар акырындык менен айыгууда. Кененирээк маалымат: Виктория 0770 939 993, Тансуу 0500 848 848.

Пикир

Оставить комментарий