• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Милициянын кайгуул кызматы карантиндик тартиптерди сактоо, илдетти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын токтоосуз жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бишкек шаардык ИИББи боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери COVID-19 илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген күндөн тартып, Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы өзүнүн милдетин так жана күчөтүлгөн тартипте аткарып келе жатат.

"Өлкөдө катталган илдетти алдын алуу боюнча кызматкерлер Бишкек шаарынын кире беришиндеги “Маловодное” айылында, “Достук” айылындагы “Ак-Жол” стационардык көзөмөл-өткөрмө жайында, Кара-Сакал жана Кызыл-Туу айылдарынын ортосунда, Кара-Жыгач жана Сары-Жон айылдарынын ортосунда жана башка Бишкек шаарынын кире беришинде жайгашкан 16 санитардык–карантиндик көзөмөл-өткөрмө жайларында Өзгөчө кырдаал министрлигинин, аскер, медицина кызматкерлери менен биргеликте күнү-түнү күзөттө туруп текшерүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Борбор шаарыбыздын ичинде калк көп топтолгон жерлерде, соода түйүндөрүндө кайгуул кызматынын мобилдик жана жөө күзөт топтору жарандардын жана айдоочулардын документтин текшерүү менен бирге, жарандарга эч себепсиз үйдөн чыкпоого, ушул илдетти жеңип чыгуунун жолу, өздүк гигиена сактап, сөзсүз түрдө колкап жана беткап кийип жүрүүнү сунуштап, мыйзамды жана коюлган талаптарды так сактоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал тартиби киргизилгенден бери милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери “102” ыкчам чара көрүү борборуна түшкөн 8090 кайрылууларды тейлешкен, анын 4932си аныкталган, коомдук тарипти бузган 1917 жаранга протокол түзүлгөн.

Жол кыймылынын эрежелерин бузган 16800 айдоочу аныкталып, анын 308и унааны алкоголдук ичимдик ичип алып башкаргандыгы үчүн, 131 унаанын алдынкы жана маңдайкы айнектерин карангылатып алып жүргөн үчүн жана башка жол кыймылынын эрежелерин бузган 16361 айдоочуга бузуулар тууралу протокол түзүлүп, 1960 унаа атайын токтотуучу жайга киргизилген.

Бишкек шаарынын аймагында 130 жол кырсыгы катталып, бир жаран каза болуп, 167 киши жаракат алган. Жол кырсыктары 2019-жылдын ушул эле маалына салыштырмалуу – 72%га төмөн, каза болгон адамдардын саны -83,3% төмөн, жаракат алгандардын саны 68,9%га төмөн катталган. Жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын саны 6, ал 91,3%га кыскарган.

Бишкек милициясы боюнча кайгуул кызматы башкармалыгынын карантиндик тартиптерди сактоо, илдетти алын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын токтоосуз улантууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий