• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери илдеттин жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган Бишкек шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык, балдар батуттары, велосипеддерди убактылуу пайдаланууга берүү жана башка санкцияланбаган көчөдө соода жүргүзүү кызмат көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрүнө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу талаптарды аткаруу максатында жол жээгинде талапка баш ийбеген велосипед ижарага берип иштеп жаткан жарандарга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзуп, убактылуу иштөөгө болборун эскертип, алдырышты.

Пикир

Оставить комментарий