• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Москва жана Түркиядан келген ыктыярчы медиктердин тобу биригип иш алып бармай болушту

COVID - 19 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөштө жардам берүү үчүн Кыргызстанга Москва жана Түркиядан келген ыктыярчы медиктердин тобу биригип иш алып бармай болушту. Бул тууралуу Жоодар Сайдилхан өзүнүн facebook`дагы баракчасына жазып чыккан.

Анын билдирүүсүнө караганда, Элвира Өмүралиеванын жетекчилиги астында Москвадан (биринчи топ) учуп келип, бир жумадан бери Улуттук госпиталда иштеп жаткан реаниматологдор менен Түркиядан келген жаш медиктердин тобунун жетекчилери жолугушкан. Анын жыйынтыгында эки топ биригип иш алып бармай болушту.

"Биргелешкен топту алдыңкы анестезиолог-реаниматолог Элвира Өмүралиева жетектемей болду. Учурда биргелешкен топ Улуттук госпиталдан тышкары КММАнын астындагы 100 орунга ылайыкташтырылган жаңы ооруканада бирге иштей баштады. Түркиядан ТИКАдан келген түрк инженерлер Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасындагы өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды 2-3 күндүн ичинде ишке киргизсе, биргелешкен медиктердин тобу ал жакка да өтөт. Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин бөлүм жетекчиси Эрмек Өмүралиев менен да макулдашылды", - дейт ал.

Анын маалыматына караганда, КРнын вице-премьер-министри Аида Исмаилова жана Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Калысбек Шадыханов менен жолугуп, сырттан келген дарыгерлердин статусу жана алардын иш долбоору боюнча колдоо алышкан.

"Ошондой эле Аида Исмаилованын жетекчилигинде жергиликтүү жана Москва, Түркиядан келген дарыгерлердин да катышуусунда жыйналыш өткөрүлүп, бирге жаңы дарылоо протоколу бекитилмей болду. Бул демилгени баштан колдоп келген Россия жана Түркияда эмгектенип жаткан кыргыз жарандарына, КРнын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жана КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге, жалпы Тышкы иштер министрлигинин жамаатына жана баардык жергиликтүү ыктыярчы топторго ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат Жоодар Сайдилхандын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий