• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Нарын облусунда жалпы 1 миң 443 орундук даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда жалпы 1 миң 443 орундук даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, медициналык мекемелердин базасында 291 койкалуу жети обсервация даяр. ӨКМдин жергиликтүү башкаруу органдары жана тиешелүү кызматтардын күчү менен 988 койкалуу 14 обсервация даярдалган.

"Андан тышкары, "Торугарт" өткөрүү пунктунда дагы 164 койкалуу обсервация даярдалган", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Нарын облусу боюнча 137 адам коронавирус жуктурса, анын 96сы айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий