• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Нарында үймө-үй кыдыруу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Нарын шаарында оронавирусту жана пневмонияны алдын алуу максатында үймө-үй кыдыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлга карата калаадагы 2-аймак боюнча 356 үй кыдырылды. Алардын ичинде 4 адам ооруп жатканы аныкталып, дарыгерлерге билдирилди. Бир адам COVID-19га анализ тапшырып, 5 адам күндүзгү стационарга барып дарыланып жатканы белгилүү болду.

"Ал эми 5-аймакта бүгүн 107 үй кыдырылды. 3 адам ооруп жаткандыгы аныкталса, 2 адам күндүзгү стационарга барып дарыланып жаткандарын айтышкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий