• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Нарынга кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетин алдын алуу жана элдердин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүү талап кылынууда.

"Ошол себептен бүгүндөн баштап Нарынга кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, посттордо көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берилген.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий