• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Ноокат районундагы бир медиктин абалы оор – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган бир медиктин абалы оор. Бул тууралуу Ошто өтүп жаткан брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал маалымдагандай, Ош облусунда обсервацияда 166 медицина кызматкери жатат.

«Алардын ичинен Ош шаарында - 80, Кара-Суу районунда - 13, Ноокат районунда - 71, Кара-Кулжада - 2. Ош облусунда коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 24, Ош шаары боюнча – 36», - дейт ал.

Каратаев билдиргендей, коронавирустан 13 медицина кызматкери айыккан.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий