• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө илдеттин алдын алуу максатында бир топ иштер жасалууда

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан COVID-19дун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында бир топ иш-аракеттер жасалууда. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө коронавирус илдетин жайылтпоо максатында жасалган иш-чаралар:

Коронавирус илдетин жайылтпоо максатында, Көк-Жар айыл өкмөтү азыркы мезгилде бардык керектүү чараларды көрүп, өзүнүн бюджетинин эсебинен атайын дезинфекцияга 400 000 миң сом бөлүп, Көк-Жар айыл аймагы боюнча 6 айыл, 1 борбордук базар жана 16 социмараттарда жумасына 2 жолудан дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп келет.

Көк-Жар аймагында 3 жерге, жалпы эсеп менен 80 койко-орундук стационарлар ачылды. Ачылган стационарлардын койкалары, капиталдык курулуш иштери жана ишке кирүү үчүн жалпы шарттары айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланып, жалпысы болуп 800 000 сом акча каражаты жумшалды. Дары-дармек каражаттарынын жогорку бөлүгү демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 28 даана кислороддук концентратор менен камсыз болду. Стационарларда 6 медкызматкер эмгектенип,оорулууларга меджардам көргөзүүдө. Аларга иштөөсүнө жакшы шарт түзүлүп, атайын формалар, маска, тамактануу маселелери чечилген.

Ошондой эле Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын демилгеси менен айтылган айыл аймагындагы кайрымдуулук фонддоруна, демөөрчүлөргө жана кайдыгер эмес жарандарга кайрылуу жасалып, мүмкүнчүлүгү чектелген, муктаж үй-бүлөлөргө жана кары-картаңдарга жардам көргөзүлдү. Мындан сырткары аймактык стационардык ооруканасына жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жумушун жеңилдетүү максатында меджабдыктар алынып берилди.

Коронавирус илдети менен күрөшүүдө Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миёбаевдин уюштуруусу менен 250 орундуу тойкана акысыз түрдө жогоруда көрсөтүлгөн илдеттин айынан жабыркаган жарандарды дарылоо үчүн 30 койкалуу обсервацияга берилип иштеп жатат. “Алашан жаштары”, “Борбаш” коомдук фонддору тарабынан стационарларга 3 даана 67 600 миң сомдон жалпысы болуп 202 800 сомдук концентратор аппараттары алынып берилди. Ошондой эле “Жийде жаштары” коомдук фонду тарабынан 1 ФАП толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 300 000 сом акча каражаты сарпталды.

Ал эми жеке демөөрчүлөр тарабынан 25 даана кислороддук концентраторлор алынып 1 млн 690 000 сомдук жардам көрсөтүлдү. Андан сырткары 450 000 сомдук стационарларга керектелинүүчү тиричилик техникасы (муздаткыч, кир жуучу машина, электр чайниги) алынып берилди.

Пикир

Оставить комментарий