• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Ноокатта каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүүдө туугандары катышкан жок - комендант

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ноокатта коронавирусту жуктуруп каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүүдө туугандары катышкан жок. Бул тууралуу Ош облусунун комендантты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, сөөктү жерге берүүдө медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн эрежелери бар. "61 жаштагы жарандын сөөгүн көмүүгө 5-6 адам эле катышты. Жаназасы да ошол жерде окулду. Тууган-жакындары катышкан жок", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 130га жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда беш адам айыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий