• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши Нью-Йоркто өтпөй калды

Спорт 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Нью-Йорк штатынын Атлетикалык комиссиясы (NYSAC) россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттеши өтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Эки мушкердин беттеши 18-апрелде Нью-Йорк штатында өтмөк.

"Нью-Йорк штатынын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) сунушуна ылайык, Атлетикалык комиссия UFC 249 мелдешин Нью-Йоркто өтпөй турганын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Нью-Йорктун бийлиги коронавирустун жайылышынан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Ошондой эле UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт беттешти өткөрүүгө башка жер табарын айткан.

Пикир

Оставить комментарий