• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19. Обсервация жана госпиталда жаткан жарандардын тамак-ашына 38,2 млн сом сарпталды - Аскаров

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Обсервация жана госпиталда жаткан жарандардын тамак-ашына 38,2 млн сом сарпталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, учурдагы пандемия маалында аларга бир нече негизги милдеттер жүктөлгөн: тиешелүү шарттары бар обсервация жана госпиталдык жайларды даярдоо; дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү; бейтап жана медицина кызматкерлерин үч маал тамак менен камсыз кылуу; гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, аларды сактоо жана жерине жеткирүү.

Бүгүнкү күнгө карата министрлик тарабынан обсервация жана госпитализацияда жаткан 33 миң 32 жаранга 779 миң 34 порция тамак берилип, ага 38 млн 242,1 миң сомду сарпталган.

Аймактар боюнча:

- Жалал-Абад облусунда 2 миң 24 адамга 54 миң 571 порция - 3 млн 245,2 миң сом;
- Ош обусунда 3 миң 766 адамга 95 миң 729 порция - 5 млн 40 миң сом;
- Баткен облусунда 2 миң 603 адамга 56 миң 627 порция - 2 млн 60,3 миң сом;
- Ош шаарында 6 миң 822 кишиге 190 миң 371 порция - 7 млн 378,4 миң сом;
- Талас облусунда 1 миң 562 кишиге 17 миң 743 порция - 1 млн 398,3 миң сом;
- Нарын облусунда 1 миң 499 кишиге 46 миң 193 порция - 1 млн 894,4 миң сом;
- Ысык-Көл облусунда 548 адамга 10 миң 153 порция - 439,4 миң сом;
- Бишкек шаарында 12 миң 895 кишиге 282 миң 634 порция - 11 млн 284,8 миң сом;
- Чүй облусунда 1 миң 313 кишиге 25 миң 13 порция - 2 млн 823,5 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий