• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Обсервацияда жалпы 1 миң 75 адам жатат — Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 18-апрелге карата обсервацияда жалпы 1 миң 75 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдеттен жалпы 130 жаран айыкты.

"Коронавирусту жуктуруп алгандар менен 7 миң 738 адам байланышта болгон. Алардын ичинен жакын байланышта 1 миң 663, башка байланышта 6 миң 75 адамды түзөт," - дейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 506га жетти. Алардын ичинен 116сы медицина кызматкерлери.

Коронавирустан 130 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий