• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Обсерватордун жанында жашаган адамдарга ооруну жуктуруп алуу коркунучу жаралбайбы? – министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев обсерватордун жанында жашаган адамдар үчүн коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жаралбайбы деген суроого жооп берди.

"Чет жерден көп жарандар келип жаткандыктан аларды кайсы жерде жайгаштыра аларыбызды карап жатабыз. Обсерваторго жакын жашаган элдерге ар кандай коркунучту алдын алган обсервациялык шарттар каралат. Себеби ал жердеги адамдар жабык бөлмөлөрдө болуп, бирден-экиден жатышат. Аларда эл менен аралашууга мүмкүндүгү жок. Себеби обсерватор кайтарылып турат. Ал боюнча көп деле кооптонуунун кереги жок ", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган 43 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313тү түзөт. Алардын ичинен 929 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий