• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Октябрда 419 миң доза вакцинанын келүүсү күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Октябрь айында 420 миң дозага жакын вакцинанын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гулбара Ишенапысова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө вакцина жетиштүү.

"Вакциналар баарына жеткиликтүү жана бекер болуп саналат. Июлда массалык эмдөө башталгандан бери ачылган бардык эмдөө борборлорунда жүргүзүлөт. Учурда республиканын бардык аймактарында миңден ашык эмдөө пункттары иштеп жатат”- деп белгиледи Гулбара Ишенапысова.

Ал ошондой эле ушул жылдын октябрь айында 259 миң доза Pfizer, 110 миң доза Sinopharm жана 50 миң доза AstraZeneca вакцинасы келээри күтүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий