• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Оору жугузбоо үчүн жеке коргонуу каражаттары атайын жол менен жок кылынат

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Оору жугузбоо үчүн жеке коргонуу каражаттары атайын жол менен жок кылынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, жеке коргонуу каражаттарын жок кылуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдагы буйругу бар.

"Биринчи кезекте пиролиз ыкмасы жасалат. Башкача айтканда жеке коргонуу каражаты эритилет. Андан кийин ал утилизацияга кетет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий