• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Ооруканада орун жок болгондуктан бейтаптарды үйдө дарылашууда деген маалымат туура эмес – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.06.20./Кабар/. Ооруканада орун жок болгондуктан коронавирус жуктурган бейтаптарды үйдө дарылашууда деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Жаңы иш-аракеттер алгоритмине байланыштуу оорунун белгилери байкалбаган бейтаптарды үй изоляциясына чыгарып жатабыз. Ал алгоритм башка мамлекеттердин тажрыйбасынын негизинде жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерине ылайык иштелип чыкты. Ал бейтаптар аларда оорунун белгилери жок болгондуктан симптоматикалык дарылануу алган жок. Ал ооруканадагы орундардын жетишсиздиги менен байланыштуу эмес. Орундардын жетишпестик маселеси жок”, - деди ал.

Аны менен бирге Үсөнбаев министрлик ал бейтаптарды көзөмөлгө аларын айтып өттү. Анын айтымында, үй изоляциясына чыгып жаткан бейтаптар үйүнөн эч жакка чыкпайм деген милдеттенме алышат. Эгер аларга коюлган талаптарды аткарышпаса ал жарандар жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий