• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Ооруканаларда 4 миң 345 адам дарыланууда, 70 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 миң 345 адам (пневмонияны эсепке алганда) ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан маалымдашкандай, ооруканада жаткан бейтаптардын ичинен 1 миң 402 адамдын абалы оор - 70 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда Кыргызстанда пневмония менен ооругандарды эсепке алганда коронавирус жуктурган учурлардын саны 25047ге жетти. Алардын ичинен ооруканада дарыланган 4495 бейтап жана үй шартында дарыланган 2742 адам айыккан, 858 киши (пневмония менен ооругандарды эсепке алганда) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий