• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

COVID-19. Ооруканаларда 498 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 498 адам ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканада болгон 498 адамдын ичинен 30 бейтаптын абалы оор − беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 128 адамдын абалы орточо оор, 340 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле 385 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык алар үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус жуктурган 192 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2981ди түзөт. Алардын ичинен 1981 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий