• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Ооруканаларда 544 адам дарыланууда, 252 бейтап үй көзөмөлүндө болууда

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган бейтаптардын 544ү ооруканаларда дарыланууда, 252 киши үй көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, ооруканада болгон 544 адамдын ичинен 34 бейтаптын абалы оор − алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 110 адамдын абалы орточо оор, 400 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле 252 бейтапта оорунун белгилери жок болгондуктан, жаңы алгоритмге ылайык алар үй көзөмөлүндө болууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-июнга карата коронавирус жуктурган 132 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2789ду түзөт. Алардын ичинен 1961 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий