• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Ооруканаларда 560 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 560 адам ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, 11 бейтаптын абалы оор, анын ичинен эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 89 адамдын абалы орточо оор, 460 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-июнга карата коронавирус жуктурган 33 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2007ни түзөт. Алардын ичинен 1425 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий