• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19. Ооруканаларда 584, үй шартында 4 миң 614 адам дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 584 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 614 адам дарыланып жатат.

"Бишкек шаарында 135 киши, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 48, Ош облусунда –90, Нарын облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 85, Жалал-Абад облусунда – 85, Талас облусунда – 22, Баткен облусунун ооруканаларында 76 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 92 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 227ни түзөт. Алардын ичинен 39 миң 426 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий