• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Ооруканаларда 736 бейтап, үй шартында 4 миң 870 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 736 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми үй шартында 4 миң 870 адам дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 108 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 820ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 198 киши айыгып чыкты, 1 миң 59 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий