• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Ооруканаларда 854 бейтап, үй шартында 4 миң 680 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруканаларда 854 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 4 миң 680 адам дарыланып жатат.

Бишкек шаарында 171 киши, Ош шаарында – 28, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 130, Нарын облусунда – 29, Ысык-Көл облусунда – 139, Жалал-Абад облусунда – 154, Талас облусунда – 35, Баткен облусунун ооруканаларында 91 бейтап дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 101 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 459ду түзөт. Алардын ичинен 37 миң 492 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий