• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19 оорусуна каршы вакциналардын коопсуз экенин кантип билебиз?

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Республикалык штаб COVID-19 оорусуна каршы жасалуучу бардык вакциналардын коопсуз экенин тастыктоочу кепилдиктер бар экенин билдирет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана башка улуттук көзөмөлдөөчү органдардын тастыктамасын алганга чейин COVID-19 оорусун алдын алуучу вакциналар коопсуздугу жана натыйжалуулугу жагынан эл аралык деңгээлде макулдашылган талаптарга жооп берээрин далилдеш үчүн тыкыр клиникалык сыноолордон өткөрүлүшү абзел.

Буга чейин болуп көрбөгөндөй тыгыз илимий кызматташтыктын натыйжасында, COVID-19 оорусуна каршы вакцинага болгон шашылыш муктаждыкты канааттандыруу үчүн коопсуздук стандарттарын жогорку деңгээлде сактоо жолу аркылуу кыска убакыттын ичинде изилдөө, иштеп чыгуу жана COVID-19 вакцинасын өндүрүү иштери жолго коюлду. \

Бардык вакциналардай эле, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана башка жоопкерчиликтүү органдар COVID-19 оорусуна каршы жасалган ар бир вакцинанын эмдөөдөн өткөн бардык жарандарга коопсуздугун такай көзөмөлдөп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий