• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Ооз ачуу өткөрткөн чайканаларга айыппул салынат – Боронов

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Ооз ачуу өткөрткөн чайканаларга айыппул салынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар.

"Жарандарды эрежелерди сактап, үйдөн себепсиз чыкпоого чакырам. Азыр Орозо айы, баарыңыздарды Орозо айыңыздар менен куттуктайм. Бирок ооз ачуу өткөрүү үчүн чайканаларда чогулуу деген маселелер болбошу керек. Мен айткандай кайгуул кызматы иштейт. Эгерде чайканаларда чогулган учурлар болсо чайкананын ээлерине ири өлчөмдө айыппул салынат. Кичине акча табам деп кайра зыян тартып калбашыңар үчүн андай чогулуш өткөрбөөнү эскертем", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий