• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Органын алмаштырган бейтаптар үчүн вакцина алуу боюнча сунуштар

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Органдарын алмаштырган бейтаптар коронавирустук инфекциясына кабылуу коркунучу бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, COVID-19 ар бир адамда индивидиалдуу болушу, бирок иммунитети төмөн адамда ал оор түрдө өтүшү мүмкүн.

Мындан улам, эмдөөдөн өтүп жана төмөнкү алдын алуу чараларын сактоо зарыл:

- Эгерде сиз инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору же кийинчерээк коронавирус инфекциясы тастыкталган адамдар менен байланышкан болсоңуз, дароо дарыгериңизге кайрылыңыз;

- Керектүү дары -дармектер менен камсыз болуу зарыл;

- Белгилүү жана эффективдүү алдын алуучу чаралары - обочолонуу, социалдык дистанцияны жана жеке гигиенаны сактоо зарыл;

- Эмдөө - эң эффективдүү алдын алуу чарасы болуп саналат, бирок бул процедурада этият болуу керек.

Андыктан, эмдөө боюнча чечим дарыгер менен бирдикте кабыл алынышы керек.

Пикир

Оставить комментарий