• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19. Ош облусу боюнча 143 эмдөө пункту иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында эпидабал туруктуу, ооруканалар кадимки режимде иштөөдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдурахманов брифингде билдирди.

Анын айтуусунда, облус боюнча 143 эмдөө пункту ачылган. Жалпы эмдөө алуучулардын саны 469 миң 389, алардын ичинен азыркы учурда 214 миң 377 жаран (46,3%) эмдөөдөн өткөн.

"Ошондой эле эмдөө боюнча медицина кызматкерлердин саны - 8 миң 897 болсо, алардын ичинен 1 доза менен 7 721 (86,8%), экинчи доза менен 7 162 (80,5%) жаран эмделген. Билим берүү кызматкерлеринин ичинен биринчи доза алгандар 15 миң 322 (48,9%), экинчи доза алгандар 13873 (44,3%) адамды түздү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий