• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Ош шаарында эмгектенген баткендиктерден жардам

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Баткен районунун жана Баткен шаарынын Ош шаарында эмгектенип, жашап жүргөн атуулдары Баткен облустук бириккен ооруканасына 4 кычкылтек концентраторун тапшырышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Баткен облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча жергиликтүү бийлик жана саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери менен сүйлөшкөн демилгелүү атуулдар Медер Ниязалиев жана Канатбек Ахмедовдор жакынкы аралыкта Ош шаарындагы “Өрүк зарлуу Баткен” коомунун атынан зарыл болгон дары-дармектерден да жардам берилерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий