• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Ош шаарында күнү-түнү иштей турган эмдөө борборлору ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Ош шаарында 24 саат бою коронавируска каршы эмдөө борборлору ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандар тез жардам станциясына, Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан шаардык оорукананасына жана Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан эски шаардык ооруканага келип вакцина ала алышат.

Белгилей кетсек, Ош облусуна кытайлык Sinopharm вакцинасынын 85 миң дозасы жеткирилген. Ош шаарында учурда коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий