• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Ош шаарындагы төрт базар жабылат

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Коронавирус коркунучунан улам Ош шаарында 4 базар жабылууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүндөн тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана "Келечек" базары убактылуу жабылат. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштей берет.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алты кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий