• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Ош шаарындагы жеке медициналык борборлор жардам берүүгө даяр

Аймак 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Ош шаарындагы жеке медициналык борборлор обсервация жана дарылоо үчүн орун жетпеген учурда жардам берүүгө даяр.

Жеке медициналык клиникалар ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Мухаметалим Турсунбаевдин айтымында, кечээ, 20-март күнү шаардык мэрияда жеке клиникалардын жетекчилеринин кеңешмеси өтүп, анда коронавирус менен күрөшүүдө зарыл болгон учурда жардам көрсөтүү маселеси каралган.

"Ош шаарында 46 жеке клиника бар. Аларда жалпы 1 миң 500дөн кем эмес орун чыгат. Дарылоо жана обсервация үчүн орун жетпеген учурда жеке клиникалар өзүнүн клиникасында орун берүүгө даяр экенин билдиришти. Бирок алардын ар биринин эле коронавирусту дарылоого толук шарттары жок. Бирок обсервация үчүн жарайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий