• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош жана Бишкектеги ишкерлерге 100 миң беткап чыгаруу боюнча буйрутма берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Ош жана Бишкек шаарларындагы ишкерлерге күнүнө 100 миң даана беткап чыгаруу боюнча буйрутма берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал Бишкек шаарында беткапка суроо-талап көп болгондуктан ал дарыканаларда кечке чейин калбай калып жатканын белгилеп өттү.

Учурда республика боюнча жалпы COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Пикир

Оставить комментарий