• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19. Ошто эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу боюнча машыгуу болуп өттү

Аймак 0


Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Кечээ, 26-июнь күнү “Ош шаарынын Жарандык коргонуу башкаруу органдары менен биргеликте эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу боюнча ыкчам иш-аракеттери” деген аталышта атайын машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Машыгуунун штаб башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Исмаилов болгон. Машыгууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Нуржан Эштаев жана өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Махамаджан Ахматов катышкан.

Машыгуунун сценарийи: Ош шаарынын аймагында коронавирус илдети кескин жайылып, Анар кичи шаарчасындагы жугуштуу оорунун очогу пайда болгон жерде көп сандагы жарандардын дене табы көтөрүлүп, 112, 118 түз байланыш номерлерине жана 103 тез жардам кызматына тынымсыз чалуулар келип, кайрылуулар күч алат. Шаар аймагында ооруканада жана обсервацияда даярдалган орундар бейтаптарга толуп, жаткырууга орундуктар калбай калгандыгына байланыштуу эпидемиологиялык абал курчуп барууда жана шартка байланыштуу чатырлар шаарчасы курулган.

Машыгуунун негизги максаты:

- жарандардын арасында жугуштуу илдет аныкталган жана шектүү болгон жарандарды кабыл алууну, жайгаштырууну уюштуруу (обсервация, ооруканага жаткыруу);

- жарандардын аныкталган илдетине карата таза жана булганыч (чистая, грязная) аймактарга бөлүп, жайгаштыруу иштерин уюштуруу;

- обсервация жана ооруканага жаткырылган жарандарды медициналык тейлөө жана ар тараптуу толук камсыздоо иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү.

“Эскерте кетсек, аталган иш-чара өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде аткарылууда”, - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий