• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзгөчө абал режими: Ошто коменданттык саатты бузган 40 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саатты бузган 40 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ош облусунда 27-марттын саат 20:00дөн тартып 28-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 40 жаран кармалды.

"Ош шаары боюнча - 21, Кара-Суу районунда - 15, ал эми Ноокат району боюнча 4 жаран эрежени сактабай көчөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий