• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Ошто коменданттык сааттын эрежесин бузган 44 адам кармалды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Ош облусунда коменданттык саат убагында (26-март саат 20:00дөн 27-март саат 07:00гө чейин) эрежелерди 44 адам бузган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Ош шаарынын жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Ош шаарында 22 адам, Кара-Суу районунда 20 адам жана Ноокат районунда 2 адам талаптарга баш ийген эмес.

"Жалпы Ош облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө", - деди Нурдинов.

Эскерте кетсек, 26-март саат 20:00дөн 27-март саат 07:00гө чейин Бишкек шаарында 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинде 13 аял, 133 эркек, ошондой эле 1 чет элдик жаран бар.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт.

Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий