• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Пакистан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Пакистан Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүүгө гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Covid-19 менен күрөшүүгө багытталган антикризистик иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Пакистан Ислам Республикасынын өкмөтүнөн гуманитардык жардам алуу маселесин иштеп чыкты.

9-апрелде Исламабад шаарында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө КР саламаттык сактоо тармагынын муктаждыктары үчүн Пакистандын Кырсыктарды коопсуздугу боюнча улуттук комитети Кыргызстандын элчилигине жалпы салмагы 1400 кг болгон 5 миң N95 медициналык маска, 5 миң коргоочу костюм, 5 миң коргоочу калкан түрүндө гуманитардык жардам тапшырды.

2021-жылдын 10-апрелинде "Авиатраффик" авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс менен 816 килограмм салмактагы гуманитардык жардамдын биринчи партиясы Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий