• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 пандемиясы боюнча иш. Экс-вице-премьер Аида Исмаилованын жоопкерчилиги каралат

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. COVID-19 пандемиясына даярдык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилованын да жоопкерчилиги каралат. Бул тууралуу журналисттерге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

“Биз пандемия убагында социалдык жана саламаттык сактоо блокторун көзөмөлдөгөн вице-премьерлердин жоопкерчиликтерин карайбыз”, - деди ал.

Финполдун Тергөө кызматынын башчысы Кубанычбек Рисбаев кошумчалагандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында эки премьер-министр - Мухаммедкалый Абылгазиевдин, Кубатбек Бороновдун, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекованын жана Аида Исмаилованын, саламаттык сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаевдин жана Абдикарим Сабиржановдун, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчиликтери каралат.

“Биз өндүрүш ишин экиге бөлдүк - пандемиягы даярдык көрүү жана аны менен күрөшүү”, – деди ал.

Мындан тышкары, өзүнчө өндүрүш ишинде коронавирус пандемиясы учурунда келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү маселеси каралып жатат. “Тергөөчү жана ыкчам кызматкерлерден турган чоң топ түзүлдү. Учурда аудит жүргүзүлүп жатат. Вице-премьерлер менен иштешип жатабыз, премьерден протокол тартибине тапшырма бар. Мунун баары Финполдун башчысынын көзөмөлүндө”, - деди ал.

Рисбаев кошумчалагандай пандемия боюнча кылмыш ишин 1 айдын ичинде жабуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий