• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

COVID-19 пандемиясына байланыштуу бизнеске берилүүчү жеңилдиктердин тизмеси

Экономика 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү КР өкмөтү коронавируска байланыштуу абалды эске алып, бизнеске жеңилдик берүүнүн ар кандай жолдорун карап жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Тактап айтканда, төмөнкүлөр сунушталууда:

- юридикалык жактарды туум жана айып пулдан 2020-жылдын 1-октябрына чейин бошотуу;

- жеке ишкерлерди 2020-жылдын 1-октябрына чейин камсыздандыруу полисинен бошотуу;

- кичи жана орточо бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин 5%га арзандатуу.

Мындан тышкары, жардамдын фискалдык жана финансылык чаралары каралууда.

- текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтүн узартуу;

- салык органындарынын чыгып текшерүүлөрүн кыскартуу;

- салык жана социалдык карыздын мөөнөтүн узартып төлөө;

- убагында төлөнбөгөн салык санкция, туум жана салыктык милдеттерден бошотуу;

- салыктын учурдагы суммасын 100% төмөндөтүү:

1) ыктыярдуу патент:

2) милдеттүү патент.

Колдоонун финансылык чаралары: - жеңилдиги бар каржылоо; - Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун кредиттик ресурстарын максималдуу түрдө жеткиликтүү кылуу үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү; - кызматкерлеринин айлык акысын 6 айлык мөөнөттө төлөөсү үчүн ишкер субъектилерине пайызсыз насыя берүүнүн механизмин иштеп чыгуу.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкы насыясы бар ишкерлерге жеңилдик көрсөтүүсү үчүн коммерциялык банктарга коюлган талаптарды азайтуу чарасын караштырууда.

Ошондой эле коронавируска байланыштуу кредиттик каникул берүү, насыяны убагында төлөбөгөнү үчүн айыппул салбоо сунушталды.

Абалга байланыштуу, карыз алгандар кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, насыялык таржымалы начарлабайт.

Антикризистик план макулдашуу продцедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий