• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 пандемиясына карабастан калктын 60 пайызы добуш берүүгө барат - изилдөө

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда жакында өтчү парламенттик шайлоого калктын басымдуу бөлүгү добуш берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда "Общее дело" коомдук фондунун социологу Мадина Шаруфидинова билдирди.

Анын айтымында, август айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо темасында уюлдук телефон аркылуу сурамжылоо өткөрүлгөн.

"Сурамжылоо өлкөнүн 7 облусун, Бишкек жана Ош шаарын камтыган. Жалпы 1 миң 202 адам катышты. Жыйынтыгында калктын 60 пайызы COVID-19 пандемиясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга карабастан добуш беришет. Ал эми 14 пайызы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алат, 11 пайызы ден-соолукка байланыштуу добуш беришпейт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий