• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Реабилитация эмне үчүн керек? Дарыгердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдɵɵ институнун башкы дарыгери Акбарали Махмадиев брифинг учурунда коронавирустан кийинки реабилитация эмне үчүн керек деген суроого жооп берди.

“Оорудан айыккан жарандардын бардыгы органдын жана организмдин жабыркаганына карабастан ден соолугун толук калыбына келтирүү (реабилитация) абзел, ɵзгɵчɵ орточо жана оор формасында ооругандарга. Илдеттен айыкандан кийин ден соолугун калыбына келтирүү ар түрдүү болуп жана оорунун оорлугуна жана организмдин ɵзгɵчɵлүгүнɵ жараша болот”, - дейт ал.

Махмадиев оорудан айыккан адамдын организминин жана органынын бузулган функцияларын калыбына келтирүү жана майып болуунун алдын алуу учүн реабилитациядан өтүү сунушталат деп белгиледи.

“Реабилитация эрте жана комплекстүү болуш керек, реанимация жана интенсивдүү терапия палатасында бейтапдын акыбалы турукташуудан кийин башталат”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий