• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Реанимацияда жаткан үч бейтаптын абалы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов коронавирус жуктуруп, реанимация жаткан үч бейтаптын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ал үч бейтаптын экөөсү Ноокат аймактык ооруканасында, бирөө Ош облустук ооруканасында жатат. Ал белгилегендей, Оштогу ооруканада болгон бейтап буга чейин жасалма дем алуу аппараты менен дем алып жатса, учурда өз алдынча дем ала баштаган.

"Ноокат аймактык ооруканасында жаткан эки бейтаптын абалы туруктуу оор. Кечээ айтылган Ош облустук ооруканасындагы өтө оор абалдагы бейтапта оң өзгөрүштөр бар. Ал жасалма дем алуу аппаратынан чыгарылып, өзү дем алууда. Анын абалы туруктуу оор", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 4 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 111ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий