• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Республика боюнча стационарларда 643 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Республика боюнча стационарларда 643 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 10-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 9 миң 358ге жетти. Учурда стационарларда 643 бейтап болууда. Алардын ичинен 104 бейтаптын абалы оор, 414 адам орто оор жана 125 жаран канааттандырарлык абалда дарыланууда. Жандандыруу бөлүмүндө 24 бейтап бар.

Илдеттен 3 миң 134 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Коронавирустан 122 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий