• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

COVID-19: Республикалык штаб аймактардагы койка-орундуктар тууралуу маалымат таратты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб аймактардагы койка-орундуктар тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 2477 койка-орундук жайгаштыруу пландалууда. 2477 орундуктун ичинен 164 койка – интенсивдүү терапия палатасы (ИТП). 1-этапта – 1759, анын ичинде 120 койка ИТП. 2-этапта 718 койка-орундук, анын ичинен 44 койка ИТП пландалган.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында COVID-19 илдетинин оор формасы менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн 70 койка-орундук жайгаштырылган, №1 Шаардык клиникалык ооруканасы - 92 койка-орундук, Улуттук фтизиатрия борборунда - 38 койка-орундук, Улуттук госпиталда - 80 койка-орундук даярдалган.

Чүй облусунда план боюнча 745 койка-орундук: 1-этапта 414 койка-орундук, анын ичинен ИТП үчүн 82 койка-орундук, 2-этапта – 334 койка-орундук, анын ичинен ИТП үчүн 82 койка-орундук. Токмок шаарындагы аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн оңдолгон имараты 216 койка-орундукка кабыл алууга даяр.

Ош облусу жана Ош шаарына план боюнча 1672 койка-орундук: 1-этапта – 686, ИТП үчүн 130 койка-орундук, 2-этапта – 986, ИТП үчүн 130 койка-орундук. Баткен облусуна план боюнча 635 койка-орундук: 1-этапта – 329, анын ичинде ИТП үчүн 49 койка-орундук, 2-этапта – 306, анын ичинде ИТП үчүн 49 койка-орундук. Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты 90 орундуу оорукана болуп бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилди.

Нарын облусуна план боюнча 437 койка-орундук: 1-этапта – 334, анын ичинде ИТП үчүн 25 койка-орундук, 2-этапта - 103, анын ичинде ИТП үчүн 25 койка-орундук. Ысык-Көл облусуна план боюнча 596 койка-орундук, 1-этапта – 231, анын ичинде ИТП үчүн 46 койка-орундук, 2-этапта - 365, анын ичинде ИТП үчүн 46 койка-орундук.

Жалал-Абад облусуна план боюнча 1206 койка-орундук: 1-этапта – 770, анын ичинде ИТП үчүн 90 койка-орундук, 2-этапта - 436, анын ичинде ИТП үчүн 90 койка-орундук. Талас облусуна план боюнча 395 койка-орундук: 1-этапта – 274, анын ичинде ИТП үчүн 48 койка-орундук, 2-этапта - 121, анын ичинде ИТП үчүн 48 койка-орундук жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий