• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Республикалык штабдын 12-апрелге карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Бүгүн республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Кыргызстанда жалпы тастыкталган 377 учур катталды. Алардын ичинен - Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 119, Ош ш. – 54, Чүй облусунда – 21, Баткен облусунда – 4, Бишкек ш. – 59, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 25, Ысык-Көл облусунда – 6.

- Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 63 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында.

- Лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6537.

- Жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны - 318 түзөт. Алардын 11 оор абалда, алардын ичинен, 6 адам реанимацияда.

- Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу - 5, Жалал-Абад ш. – 5). Бардыгы болуп ушул учурга чейин 54 бейтап айыгып чыкты.

- Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам.

- Өлкөдө мындан ары кризистен чыгуунун 2-этабын жана бизнес секторун колдоо боюнча каржылоонун булактары (ички жана тышкы) аныкталды. Буга 14 млрд сом жумшалат.

- Ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынын маалыматына ылайык, алардын саны 2000ден ашык.

- Турмушу оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү улантылууда.

- Араван районунун дыйкандары өндүргөн 110 тонна айыл чарба азык-түлүктөрү (сарымсак, пияз, капуста ж.б.) Казакстанга жана Россияга экспорттолду.

- Гуманитардык жардамды координациялоо максатында түзүлгөн Башкы штаб Бишкек шаарындагы 3 социалдык балдар мекемелерин тамак-аш азыктары менен камсыз кылды.

Пикир

Оставить комментарий