• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Республикалык штабдын 7-апрелге карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. 7-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктурган 12 жаӊы учур катталды: үчөө эркек жана тогузу аял. Алар Ош облусунда обсервацияда жатышкан.

Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы:

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

- "COVID-19 оорусун жуктурган дарыгерлердин саны 19 түздү. Алардын бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп, ооруканаларда жайгашты", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри С.Абдикаримов. Анын айтымында, жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөөсү – дарыгерлер, бардыгы байланышта болгондор.

- Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда айткандары:

* Өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды. Ага төмөнкүдөй бир катар негизги маселелер кабыл алынды: азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бизнес үчүн шарттарды жеӊилдетүү – салык чогултууларын жылдыруу, социалдык маселелер жана коммуналдык кызматтар. Мындан улам, 2020-жылдын октябрына чейин отчётторду тапшыруу жылдырылды.

* Бизнеске жардам берүү маселесин иштеп жатабыз. Учурда эки булак бар – РКӨФ жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

* Өкмөт 2020-жылдын соңуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо. Бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат. Ошондой эле чаралардын үчүнчү пакетин дагы иштеп чыгуудабыз – бул келерки жылдарга карата стратегиялык план болот.

- "Бүгүнкү күндө борбор калаада 1 миң 756 жаран каттого алынган, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантининде жатышат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, - деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин шаар боюнча карантин мөөнөтү аяктап, анализдеринин жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн 1 миң 359 адам көзөмөлдөн чыгарылган.

- Шаардык бюджеттен дээрлик 15 миӊ жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун – май, чай, кант, макарон, күрүч берүү пландалды. Муктаж адамдардын санын тактоо боюнча акимчиликтерде социалдык кызматкерлер, үй жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн турган райондук штабдар иштеп жатат.

- Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда айткандары:

* Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом.

* Кыргызстанда 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик материалдык резервден 5 400 тонна ун таркатылууда. Ал белгилегендей, министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары боюнча демөөрчүлөрдүн, кайрымдуулук уюмдарынын, жеке адамдардын эсебинен азык-түлүктөр жана коргоо каражаттары (беткап) үйлөрүнө чейин жеткирилүүдө.

* Бүгүнкү "Жардам штабы" республика боюнча 49 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздады. Аталган штабга 210 779 кайрылуу келип түштү.

* Министрликтин депозиттик эсебине 6 млн 466 миӊ 962 сом 39 тыйын түштү. Комиссия ушул суммадан 11 916 (2500 үй-бүлө Бишкек ш., 9 416 үй-бүлө Чүй облусунан) муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыздоого акча каражат бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алды.

- Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 103,9 млн сом келип түштү.

Пикир

Оставить комментарий