• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык абалы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров аймактардагы обсервациялык пункттардын даярдыгы тууралуу айтты.

Жыйын жүрүшүндө коронавируска чалдыккандарды кыдырып аныктоо максатында Бишкектин айланасындагы конуштардын, ошондой эле вирус чыгып жаткан өлкө аймактарындагы айрым калктуу конуштарынын тургундарын текшерүүдөн өткөрүү маселеси талкууланды.

«Илдетти жугузган айрым райондордун аймагындагы үймө-үй кыдыруу, тургундардын саламаттыгын текшерүү иши уюштурулган түрдө сапаттуу жана ыкчам өткөрүлүшү керек. Мобилдик бригадалар иштин бул баскычына даяр болуусу шарт», - деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана жоопкер кызматтарга медициналык кызматкерлердин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалышын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жыйын соңунда үй карантини, облустардагы мобилдик бригадалардын ишин күчтөндүрүү маселесине тийиштүү бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий