Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясынын болжолдуу жаңы толкунуна карата резервде 6 миң орундук жана 5 миң медициналык кызматкер даярдалган. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча 2 миң 941 койко-орундук даярдалган.
Аймактар боюнча:
- Бишкекте – 1 миң 237 койко-орундук (бош орундук – 357);
- Ошто – 95 койко-орундук (бош орундук – 46);
- Чүй облусунда – 698 койко-орундук (бош орундук – 293);
- Ош облусунда– 169 койко-орундук (бош орундук – 40);
- Талас облусунда– 48 койко-орундук (бош орундук – 35);
- Нарын облусунда– 212 койко-орундук (бош орундук – 155);
- Ысык-Көл облусунда – 266 койко-орундук (бош орундук – 116);
- Жалал-Абад облусунда– 65 койко-орундук (бош орундук – 42);
- Баткен облусунда– 160 койко-орундук (бош орундук – 155).
“Эгер өтө зарыл учурлар болсо биз дагы кошумча 1 миң орундук ачабыз”, - деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары учурда республика боюнча кызыл зонада 323 дарыгер жана 595 медайым иштеп жаткандыгын кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий