• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Саат 21:00гө карата республикалык штабдын маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Коронавирустун келишин жана жайылышын алдына алуу боюнча штаб саат 21:00гө карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу маалыматты сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизет.

Кыргызстанда Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды, алардын ичинен кичи ажылыктан кайтып келген 7 эркек жана 6 аял, ошондой эле дагы 1 эркек Франциядан учуп келген.

Коронавирустун бар-жогун аныктаган тесттерди оорунун белгилери бар болгон бардык каалоочулар тапшыра алат.

Учурда күнү-түнү иштеп жаткан медиктер өзүнүн маянасынан сырткары 10-25 миң сомго чейин кошумча акча алышат.

Каракол шаарындагы коронавирус боюнча штабдын чечими менен ички жана райондор аралык коомдук унаалардын каттамдар убактылуу токтотулуп, "Макиш" базарындагы азык-түлүк катарларынан башка бардык базарлар жана соода түйүндөрү, 20 орундан жогору кафе, ашканалар жабылды.

24-мартка чейин авиакаттамдар аркылуу дээрлик 3 миң КР жараны Россия, Дубаи жана Делиден мекенине кайтарылат.

Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан туруктуу эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди.

Кичи Умрадан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 2 миң 364 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы кырдаалды жана карантиндин узартуу ыктымалдыгын эске алып, ыкчам жооп кайтаруу планын иштеп чыгууда. Бирок окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылбайт, анткени аралыктан окуутуну уюштуруу үчүн бир катар иш-чара өткөрүлүп жатат.

Жер-жерлерде дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү.

Индиянын Хайдарабад шаарында 11 КР жараны карантинге алынды.

Пикир

Оставить комментарий